• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкектин вице-мэри алмашты. Ысык-Көлдө жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды

29 Тогуздун айы 2020 14:14 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-октябрдагы маалыматына караганда, коронавирустан бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Баткен облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 139 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 522 адамдан табылып, бир күндө 460 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3 444 адам жатат, дагы 3 580 бейтап үйдөн дарыланууда.

ЖОЛ КЫРСЫГЫ ЭКИ АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ
Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басарынын жубайы жол кырсыгына кабылып, өзү жана 11 жаштагы кызы каза болуп, эки баласы ооруканага жеткирилди. Маалыматты облустук милиция тастыктады. Маалыматка ылайык, кырсык 28-октябрь күнү Чок-Тал айылында, Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 54-чакырымында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн. Жол кырсыгынын айынан өзү жана анын 11 жаштагы кызы каза тапкан. Ал эми машинадагы 7 жана 5 жаштагы кыздар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын электрондук журналына каттоого алынып, териштирүүлөр жүрүп жатат.

ЖАҢЫ ВИЦЕ-МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
“Бир Бол” партиясынын катарында шайлоого барган Айжан Чыныбаева социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми Бишкек шаарынын биринчи вице-мэр кызматынан Нариман Түлеев бошотулду. Маалыматка ылайык, биринчи вице-мэр кызматына Алмаз Бакетаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Количество просмотров: 283