• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкетин вице-мэри жол кырсыгына кабылды. Таажы илдети 14 кишинин өмүрүн алды

27 Теке 2021 14:05 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-июлдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда таажы илдетинен 14 адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2275 адамга жетти. Соңку суткада вирус дагы 969 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 159 089га жетти. Бир күндө 1616 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3935 адам жатат, дагы 13 272 бейтап үйдөн дарыланууда.

ВИЦЕ-МЭР ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛДЫ

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Govori.TVга Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, 26-июлда болжол менен эртең мененки саат 06:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 217-чакырымында Toyota Alphard унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Унаада жүргүнчү катары Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев болгон, ал жана дагы эки жүргүнчү райондук ооруканага жаткырылган. Дагы бир жүргүнчү К.Т. жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Айдоочу М.А. жабыркаган эмес. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү жүрүп жатат.

ЧҮЙДӨ ОК ТИЙГЕН 2 ЖАРАН ООРУКАНАГА ТҮШТҮ

Чүй облусунун Панфилов районундагы көчөдөгү ок атуунун чоо-жайы иликтенип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, окуя 24-июлда Орто-Кайырма айылында болгон, чыр бейтааныш адамдардын пикир келишпестигинен улам тутанган. Ок тийген 30 жана 24 жаштагы эки киши райондук ооруканага түшкөн. Тинтүү учурунда кармалган шектүүнүн жанынан травматикалык тапанча, гильза жана желим ок табылды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (“ээнбаштык”) менен катталып, кылмышка шектүү адам милицияга жеткирилди.

Количество просмотров: 110