• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Соңку жаңылыктар: БШК референдумдагы үгүт иштерине 50 медианы каттады. Депутаттын бир тууганы кармалды

30 Бештин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 30-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска кабылган 189 адам жаңыдан катталды. Ушуну менен марттан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны 80 843 адамга жетти.

Акыркы суткада оорудан 290 адам сакайып чыкты. Коронавирус илдетин жеңгендердин жалпы саны — 75 624 адам. Илдеттен 1354 адам көз жумду.

Ушул тапта бейтапканаларда 1165 адам дарыланып жатат. Анын ичинен 14 кишинин абалы канааттандырарлык. 783 адам орто оордукта, 313 адам оор абалда жана 55 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

ҮГҮТ ИШТЕРИНЕ КАТЫШУУЧУ ММКЛАР КАТТАЛДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы башкаруунун формасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча үгүт иштерине катышууга 50 жалпыга маалымдоо каражатын каттады.

Анын ичинен 37и радио-телевидение, калган 13ү интернет басылмалар.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт. Жарандар президенттикке талапкер 18 адамдын ичинен каалаган бирөөгө добуш берет жана башкаруу формасын президенттик, парламенттик же баарына каршы графаларынын бирин тандайт.

ДЕПУТАТТЫН БИР ТУУГАНЫ КАРМАЛДЫ

УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 1000 доллар пара алып жаткан мамлекеттик кызматкерди кармашты. Шектүү — Түштүк-батыш бажысындагы башкы инспектор К.М.А. (1972-жылы төрөлгөн).

Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, К.М.А. жеке ишкерден акча талап кылган. Ал үчүн жүк ташыган автотранспортту Кыргызстандын аймагы менен транзит кылып өткөрүүгө уруксат бермек. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Маалыматтар боюнча, К.М.А. Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы.

Количество просмотров: 51