• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Чүйдө инисинин өлүмүнө эжеси шектелүүдө. Жалал-Абадда бир катар чектөөлөр киргизилди

1 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 1-июлда 1392 адам вирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү Бишкекте. Кыргызстанда жалпы коронавируска чалдыккандардын расмий саны 126 395 адамга жетти. 110 698 адам илдеттен сакайды. Акыркы суткада коронавирустан 9 адам көз жумду Ушул тапта 3553 адам ооруканада. Алардын ичинен 188 адамдын абалы өтө оор. 9055 адам амбулатордук дарыланууга алынган.

ЖАЛАЛ-АБАДДА БИР КАТАР ЧЕКТӨӨР КИРДИ

1-июлдан тарта Жалал-Абадда тойканалар ишмердүүлүгүн токтотот. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тойканалар 1-июлдан тарта белгисиз мөөнөткө ишмердүүлүгүн токтотуп, коомдук тамактануучу жайлар орундуктарын 50%га кыскартуу менен таңкы саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин иштейт. Мындан сырткары, шаар аймагындагы бардык базарлар менчигинин түрүнө карабастан, бекитилген графиктин негинде ар апта сайын бир күнгө дезинфекциялоо үчүн жабылып турат. Ошондой эле коомдук транспорттор жекшемби күнү каттамга чыкпайт.

ИНИСИНИН ӨЛҮМҮНӨ ЭЖЕСИ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда киши өлтүрүүгө шектелип маркумдун бир тууган эжеси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 30-июнда Ысык-Ата РИИБге Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери 1985-жылы туулган А.М. киши колдуу болгонун аныкташкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон жарандын бир тууган эжеси — 1982-жылы туулган А.Т. кармалды.

Количество просмотров: 268