• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чүйдө өспүрүмдү тоногон шектүүлөр кармалды. Нарындагы жол кырсыгында 7 киши жаракат алды

20 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Бүгүн, 20-сентябрга карата Кыргызстанда таажы илдетинен эки адам каза болду. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2590 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 58 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 780 адамга жетти. Бир күндө 72 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 591 адам жатат, дагы 686 бейтап үйдөн дарыланууда.

ӨСПҮРҮМДҮ ТОНОГОН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Сокулук районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалышты. Облустук милициядан билдиришкендей, 18-сентябрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 1999-жылы туулган жаран кайрылган. Арызда 17-сентябрда 25-30 жаштагы белгисиз үч адам анын 2004-жылы туулган жашы жете элек инисин карактап тоноп кетишкендиги жазылган. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталган. Белгисиз үч жаран жашы жете элек баланы үйүнө жеткиребиз деген жүйө менен унаага отургузуп, жолдон тапанча менен коркутуп уюлдук телефонун жана акчасын тартып алышкан. Жаш өспүрүмдү ошол жакка тыштап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, 1996-жылы туулган Л.Э., А.Н., 1987-жылы туулган З.Э. жана 2001-жылы туулган М.И. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

ЖОЛ КЫРСЫГЫ: 7 КИШИ ЖАБЫРКАДЫ

Нарын облусунда жол кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кырсык 19-сентябрь саат 14:45 чамасында Кочкор-Чаек унаа жолунда, Кызарт ашуусунда болгон. Анда KIA-K5 унаасы менен Subaru-Legasy унаасы сүзүшүп, анын кесепетинен 2 эркек, 5 аял ар кандай жаракат алган. Жерине барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №42 Кочкор райондук бөлүмүнүн 4 куткаруучусу жабыркаган жарандарды “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 340