• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Чек ара чырында 13 адам көз жумду, алардын үчөө аскерлер. Коронавирус күч алууда…

30 Чын куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 30-апрелдеги маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде коронавирустан алты бейтап каза болду. Вирустан көз жумгандар Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө катталган. Муну менен коронавирустан каза тапкан адамдардын саны 1604 адамга жетти. Акыркы суткада 331 кишиден вирус жаңы аныкталды. Көбү Бишкекте (211) катталган. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 95 275 адамга жетти.

Бир күндө 268 адам сакайып чыкты. Учурда 1477 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 76 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

ЧЕК АРАЗА 3 АСКЕР КАЗА БОЛДУ

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кечээ 29-апрелде Кыргызстандын чек ара кызматынын үч жоокери мерт болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлады.

Каза болгон аскерлердин бири 30 жаштагы Эсентур Кубанычбек уулу экени белгилүү болду. Анын сөөгү Нарын облусунун Ат-Башы районунда эртең 1-майда жерге берилери кабарланды.

Ошондой эле кагылышта 20 аскер кызматкери жарадар болду, экөөнүн абалы оор деп бааланууда. Соңку маалыматка караганда, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуудан кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Жараат алгандардын 25и Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, жергиликтүү журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

БАТКЕНДЕ БИР АЙЫЛ ӨРТТӨЛДҮ

Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр-чатак катталган.

Баткен облусунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарына «Өзгөчө абал» киргизилип, жергилүктүү тургундар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Аларга ысык тамак-аш берүү жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулган.

Баткен облусунун Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылынын тургундары коопсуз жайга чыгарылды. Аларды көчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10дон ашуун техникасы, 150дөн ашуун кызматкери тартылды.

Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөлгөн, ошондой эле Лейлек районунун Сада, Максат, Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында үйлөр жана май куюучу бекеттер өрттөлгөн. Баткен облусунун Лейлек району боюнча Кулунду айылында 2, Максат айылында 10 үй, ошондой эле 1 мектеп өрттөлгөн. Ал эми Баткен району боюнча 9 үй, 10 май куюучу жай, 2 тойкана, 8 дүкөн, 1 казино, 1 чек ара тозоту, Ак-Сай айылында ӨКМдин Өрттөн куткаруу бөлүмүнүн имараты өрттөлгөн.

Количество просмотров: 104