• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чек арадагы ок атуу токтоду. Таласта жарадар болгон илбирсти Бишкекке алып келишти

10 Үчтүн айы 2020 14:19 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДАГЫ ОК АТУУ ТОКТОДУ
Кыргыз-тажик чек арасындагы тажик тараптан ок атуу токтоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда.
Баткен облусунун аймагында чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Аскерлердин аракеттерин Чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаев көзөмөлдөөдө.
Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер болсо кадимки режимде иштеп жатат.
10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдады.


КОЙ-ТАШ БОЮНЧА ТЕРГӨӨ АЯКТАДЫ
7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иши аяктады. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу билдирди.
Анын айтымында, 10-январдан баштап жактоочулар жана шектүүлөр кылмыш ишинин материалдары менен тааныша башташат.
«Кылмыш ишинде канча том бар экенин азырынча айта албайм. Кээ бир экспертизалардын, айрыкча баллистикалык экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштык, бирок ага макул эмеспиз. Бул боюнча талашып тартышабыз. ИИМдин Тергөө кызматы бизди баардык документтер менен таанышып чыгуу процессин создуктуруп жатат деп күнөөлөй турган болсо, анча таң калбайм деле», — деди жактоочу.
Ал ИИМдин Кылмыш кодексинин бир канча беренелери боюнча кылмыш ишин козгогондугун айтты. Анда «Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук же коркутуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Кишилерди барымтага алуу» беренелери тууралуу кеп болууда.
Алдын ала маалыматка ылайык, иш боюнча 12 киши айыпталуучу макамына ээ. Иш менен таанышып бүткөн соң Башкы прокуратурага жолдонуп, андан ары сотко өтөт.


ЖАРАДАР ИЛБИРСТИ БИШКЕККЕ АЛЫП КЕЛИШТИ
Таласта жарадар болгон ак илбирсти Бишкекке алып келишти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, учурда илбирс агенттиктин имаратында кармалууда.
“Улуттук илимдер Академиясынын илимпоздору жана медициналык кызматкерлердин катышуусу менен консилиум өткөрүп, рентгенге тартуу чечими кабыл алынган. Жырткычтын оорусу так аныкталган соң аны дарылоо башталат”, – деп билдиришти ведомстводон.
Эскерте кетсек, кечээ Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар тарабынан жарадар болгон ак илбирсти бактан түшүрүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу видео тараган. Ал видеодо илбирс жарадар экендигин көрүүгө болот.
Эске сала кетсек, кызыл китепке кирген ак илбирсти атууга тыюу салынган. Аткандарга 1 млн сом айып салынат.

Количество просмотров: 112