• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чычкан суусуна агып кеткен баланын сөөгү табылды. Пенсионерди унаа сүзүп кетти

25 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖӨЛӨКПУЛДУН ӨЛЧӨМҮ КӨБӨЙДҮ

2022-жылдын 1-июнунан баштап “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунун өлчөмү дээрлик 50 пайызга көбөйтүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 1-январдан баштап аз камсыздуулук боюнча жөлөкпул алуучулар дээрлик 40% чейин электр жарыгына жеңилдик алышты

“Мындай жардамды республика боюнча 100 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө алып жатат”, — дейт ал.

ПЕНСИОНЕРДИ УНАА СҮЗҮП КЕТТИ

Бишкекте пенсионер адамды унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Маалыматта айтылгандай, окуя кечээ, 24-июлда саат 18:00дөр чамасында болгон.

«Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа “Форд Фокус” үлгүсүндөгү бузулган унааны алып бара жатып, Алма-Ата көчөсүнөн жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында жөө жүргүнчү, 1951-жылы туулган Ж.М. аттуу жабырлануучу №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Ал эми авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.

СУУГА АГЫП КЕТКЕН БАЛАНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 230-чакырымында (Итагар тилкесинде) 24-июль күнү 10 жаштагы А.Б. аттуу бала Чычкан суусуна агып кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине издөө иштерин жүргүзүүгө тогуз куткаруучу, жети милиция кызматкери тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарышкан.

Издөө куткаруу иштерин жүргүзүү максатында №97 ӨККБдан жалпысынан 7 куткаруучу тартылып, саат 18:40та баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 449