• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чыр учурунда ок атылып, 6 адам жараат алды. Мыйзамсыз миграция уюштургандардын иши сотко өттү

8 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯ ИШИ ТЕРИШТИРИЛДИ

Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жөнөтүү боюнча туруктуу мыйзамсыз каналга байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн 8-июлда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, «Грин Лайт Компани» компаниясын жетектеген 35 жаштагы кыргызстандык келин эч кандай уруксат кагазы жок туруп 40 адамдан, анын ичинде балдардан турган топту мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүп, Европага жана АКШга жөнөтүү максатында Украина аркылуу Молдовага алып барган.

Ошол жактагы тааныштары менен бирге ал кыргызстандыктарды Молдовада беш ай бою кармап турган. Молдованын күч органдары кыргыз жарандарына иш козгоп, кийин Кыргызстанга депортация кылышкан. Кыргызстанда жалпысынан 31 иш козголуп, материалдык чыгым 20 миллион сом деп эсептелүүдө.

НАРЫНДА ЖАҢЖАЛ УЧУРУНДА ОК АТЫЛДЫ

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жараат алышканын облустук милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 7-июлда кечки саат 11 чамасында болгон, Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн бирөөлөр аткылап жатышканы тууралуу маалымат түшкөн.

“Айылдын К.Б. аттуу тургуну ошол эле айылдын 30-40ка чукул тургуну чогулу, анын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинасын өрттөп жатышкан учурда үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган. Натыйжада алты адам денесинен ар кандай жараат алып, облустук ооруканага жеткирилген”, деп билдирди милиция мекемеси.

Жараат алгандардын үчөөнүн абалы оор болгондуктан аларга операция жасалганы маалымдалды.

Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жер талаштан улам эки тарап буга чейин бирин бири айыптап, арыз жазып жүрүшкөн. Айыл тургундары, көбүнчө жаштар, сүйлөшүү үчүн барганда уруш чыгып кетип, аягы ок атуу менен аяктаган.

Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат, милиция айылда коомдук тартипти сактоо багытында иш-чараларды жүргүзүүдө.

КУРМАН АЙТТА КООПСУЗДУКТУ МИЛИЦИЯ КАМСЫЗДАЙТ

Кыргызстанда Курман айтта 8 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Курман айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын бөлүмдөрү коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-профилактикалык мүнөздөгү күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Мындан сырткары, жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, эртең, 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленет.

Количество просмотров: 268