• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан дагы 12 бейтап көз жумду. Министрлер кабинети тууралуу мыйзам долбоору сынга кабылды

22 Теке 2021 14:07 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 22-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 12 бейтап көз жумду. Бишкекте алты, Чүйдө төрт, Нарын менен Баткенде бирден киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 217 адамга жетти. Вирус соңку бир суткада дагы 1 169 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 760 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 153 878 адамга жетти. Андан 130 742 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

ПРЕЗИДЕНТ СУНУШТАГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООР СЫНГА КАЛДЫ

Жогорку Кеңеш 22-июлдагы жыйынында “Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун карап, артка кайтарды.  Анда документ тууралуу юстиция министри Асел Чыныбаева баяндама жасаган. “Мыйзам долбоору тогуз бөлүмдөн, 36 беренеден турат. Конституциянын 89-беренесинде аткаруу бийлигин президент жүргүзөт деп жазылган. Анын ичинде Министрлер кабинетинин түзүмүн, курамын аныктайт. Ушундан улам мыйзам долбоордо Министрлер кабинетинин курамын дайындоонун жаңы тартиби каралган. Ошондой эле Министрлер кабинетинин мүчөсүн кылмыш жообуна тартуу президенттин макулдугу менен гана ишке ашат”.

Талкууда бир катар депутаттар документ чийки экенин айтып сынга алышты. Айрым беренелердин негизинде парламенттин ролу төмөндөгөнүн айыпташты.

Депутат Абдубахап Нурбаевдин документти күн тартибинен алып салып, кийинкиге калтыруу сунушу добуштан өтпөй калды.

Кыргызстанда май айында өкмөт президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинети болуп түзүлгөн. Анын алдында өлкөнүн баш мыйзамы өзгөрүп, президенттик башкарууга кайткан.

ПИРМАТОВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен камактан чыкканы белгилүү болду. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-июлда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы ырастады.

“Анткени, Башкы прокуратуранын бөлүмүнүн улук прокурору жана шек саналып жаткан Исхак Пирматовдун ортосунда тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Исхак Пирматов Кумтөр долбоорун ишке ашырууда жемкорлук фактысы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) 31-майда сурак бергенден кийин кармалып, эки айга камакка алынган. Атайын кызмат ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып койгон.

Количество просмотров: 150