• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан дагы 6 киши каза болду. Асанов абактан чыкты

12 Чын куран 2021 13:58 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

 Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен алты киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, алардын үчөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көл облусундагы ооруканаларда жаткан.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1528ге жетти.

12-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 145 кишиден табылды. Пандемияда аны жугузуп алгандар 90 372, айыккандар 86 028 кишини түздү. Бир күн аралыгында 103 бейтап айыкты.

ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ: АЛДЫН АЛА ЖЫЙЫНТЫК

Борбордук шайлоо комиссиясынын  болжолдуу алдын ала маалыматтары боюнча, 2 миң 262 шайлоо тилкесинен же 2 миң 273түн ичинен 92,52% добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар алынды.

Шаардык кеңештерге жана айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоого жалпы 1 млн 24 миң 891 же 30,89% шайлоочу катышты.

Шаардык кеңештерге шайлоого катышкандар 25,89%ды (303 176 шайлоочу) түздү.

Айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоого катышкандар 31,81%ды (721 миң 715 шайлоочуну) түздү.

Конституцияны өзгөртүүнү 1 066 832 шайлоочу (79,31%) колдоду. Каршы добуш бергендер 183 606 кишини же 13,64% түздү.

Ал эми Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун өкүлдөрү, КМШ миссиясы, Орусиядан келген байкоочулар Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумда олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун билдиришти.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар, жана анын жүрүшүнө көз салган Жалпы иш коомдук уюму 11-апрелдеги шайлоодо мыйзам бузулушу мүмкүн делген 101 учур катталганын кабарлады. Алардын 65и Бишкекте, 36сы Ош шаарында.

КУРСАН АСАНОВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечим бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган.

Эске салсак, Курсан Асанов өткөн жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда Ички иштер министрлигин басып алууга айыпталып, 26-январда камакка алынган. Ага Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү (имараттарды жана курулуштарды басып алуу) менен айып тагылган.

Количество просмотров: 189