• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Дагы 250 адамдан вирус чыкты. Унаа айдай качкан жигит кырсыкта каза болду

26 Кулжа 2020 14:33 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС 250 АДАМДАН ТАБЫЛДЫ

Бүгүн, 26-июнга карата Кыргызстанда дагы 250 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 4204 адамга жетти. Акыркы суткада 50 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2162 адамды түздү.

ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТТЫН 8 КЫЗМАТКЕРИНЕН ВИРУС ЧЫКТЫ

Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Анализдердин жыйынтыгы боюнча  Президенттик Аппараттын  8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.

“ТАЗАЛЫКТЫН” МУРУНКУ БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурунку директору  ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда 2019-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасы 84 миллион сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатып алынып, материалдык жооптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталганы айтылат. Бирок Т.К. башкы бухгалтери жана операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон.

Тактап айтканда, 2019-жыл ичинде 1 миллион сомдон ашык баадагы 30 миң 530 литр күйүүчү майдын талондору Чүй жана Талас облусунун аймагында коротулгандыгы аныкталган. Ал эми ишкананын ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын аймагы менен гана чектелген.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УНАА АЙДАП КАЧКАН ЖИГИТ КЫРСЫКТА КАЗА БОЛДУ

Караколдо унааны айдай качкан жигит жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июнга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Каракол шаардык милициясына Каракол унаа жолунун 1,800 чакырымында жол кырсыгы болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

“22 жаштагы жаран рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан улам  айдоочу жеринде каза болгон. Ал эми жанындагы 18 жаштагы жигит жаракат алып, Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Количество просмотров: 374