• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Дагы бир курулуш компаниянын жетекчиси камалды. Бишкектеги көмүр сатылган даректер…

13 Тогуздун айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КӨМҮР САТЫЛУУДА

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы учурда калкка жана Бишкек ЖЭБге көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу иштерин графиктин алкагында жүрүгүзүүдө.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, ишкана тарабынан Ден-Сяопин, 306 б дареги боюнча жеткиликтүү баада, башкача айтканда 4700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулган. Көмүр вагондор менен ташылат, бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар.

Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалар менен төмөндөгү даректерге 4700 сомдон көмүр келери күтүлүүдө.

— Мурманская 126;
— Алыкулов 6 б;
— Алматинская-Обьездная (кесилиште);
— Нижняя Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н).

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында сатып алууну эске салат.

КМШ САММИТИ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин жыйынын 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү жана 250 чет элдик журналист чагылдырууда.

ЖМК өкүлдөрү үчүн атайы басма сөз борбору уюштурулган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин саммити өтүп жатат.

“ЭМАРК ГРУППТУН” ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

«Эмарк групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов камакка алынды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Ал Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 12-октябрындагы токтому менен 4-ноябрга чейин тергөө абагына киргизилди.

Акматов Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) менен айыпталып жатат.

Количество просмотров: 253