• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Депутат Икрамовду тосуп алышты. Сосновкада айрым унааларга  чектөө кирди

24 Тогуздун айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

СОСНОВКАДА УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРДИ

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорду кардан тазалоо жана кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

«Өлкөнүн башка жол жана ашууларында да кар жаап, аймакты тейлеген жолчулар тарабынан дароо тазаланып жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Туруксуз аба ырайынан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.

МАЛ УУРДООГО ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда асыл тукум кочкорлорду уурдагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга 7 жарандан арыз түшкөн. Алар 2023-жылдын 20-сентябрынан 18-октябрга чейинки аралыкта үйлөрүнүн короосунан 15 баш койду белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдиришкен. Алардын арасында базар баасы 100 миң жана 200 миң сом болгон асыл тукум кочкорлор да болгон. Бул фактылар Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен катталып, кылмыш иши козголгон. Ииштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 2003- 2004-жылы туулган тургундары жана Жалал-Абад шаарынын 2005-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Уурдалган койлордун ичинен асыл тукум кочкорлор менен кошо бешөө табылып, өз ээлерине кайтарылып берилди.

ТАЗАБЕК ИКРАМОВДУ ТОСУП АЛЫШТЫ

Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге алган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду аэропорттон тосуп алышты.

Эл өкүлүн Маданият министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов жана жакындары өзгөчө маанай менен, кызуу куттуктап тосушту.

Количество просмотров: 135