• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Депутат Жетигенов камактан чыкты. Коронавирустан 1 адам көз жумду

23 Бештин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 23-декабрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми бир суткада 42 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 299 бейтап, амбулатордук түрдө 343 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 356 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 788 адам каза болду.

ЖЕТИГЕНОВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов камактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Жетигеновду 22-декабрда абактан бошотуу тууралуу чечим чыкты.

Жогорку Кеңеш 22-декабрда убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген эмес.

Эске салсак, Бакыт Жетигенов “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде кармалган.

КЫРСЫКТА 1 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрга караган түнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында «Skoda Octavia» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, дагы бирөө жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 79