• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Депутаттар Ошто жыйын курат. Коронавирустун жаңы 53 учуру катталды

31 Тогуздун айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТТАР ОШКО КЕТТИ

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө жыйын Ош шаардык мэриясында өтүп, ага аталган комитеттин 16 депутаты, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Президенттин Ош облусунундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, бир катар министрлердин орун басарлары жана айыл өкмөт башчылары катышууда.

Жыйында Ош шаарындагы жана Ош облусундагы негизги көйгөйлөр жана аткарылган иштер карала

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

24-30-октябрь аралыгында өлкөдө коронавирустун жаңы 53 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, катталган учурлардын ичинен 14ү ооруканага жаткырылып, 39у үй шартында дарыланууда.

2022-жылдын 30-октябрына карата өлкөнүн бардык облусу “жашыл зонада” жайгашкан. Ал эми 2022-жылдын 9 ай 23 күнүнө карата коронавирустун 21 миң 704 учуру катталган.

КЫШКЫ ЖРТ

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн 978 адамдан билдирүү түштү.

“Учурда райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн арыздар келүүдө. Бирок кээ бир документтердин жоктугунан же жетишсиздигинен айрым арыздар кабыл алынбай калышы мүмкүн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ЖРТга каттоо 17-октябрдан 28-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлдү. Ал эми кошумча каттоо 25-ноябрда жүргүзүлөт.

Кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрь аралыгында жүгүзүлөт.

Количество просмотров: 167