• Дүйшөмбү 17 Бугу 2021

Соңку жаңылыктар: Добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелет. Дагы 6 бейтап коронавирустан көз жумду

19 апреля 2021 в 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 19-апрелге карата дагы алты бейтап коронавирустан көз жумду. Илдет соңку бир суткада дагы 212 адамдан аныкталды. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдан кабарлашкандай, көз жумгандардын экөө Бишкекте, төртөө Чүй облусунда. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий саны 92 095 адамга жетти. Алардын 87056сы айыгып, 1555и көз каза тапты.

ШАЙЛООДОГУ ДОБУШТАР КАЙРА САНАЛАТ

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодон НДПК партиясынын четтетилгендигинен улам эми добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелиши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

“Мыйзамдын бузулушуна байланыштуу партия шайлоодон четтеп калган убакта, алардын добушу алынып салынып, андан кийин кайрадан жети пайыздык көрсөткүч эсептелет. Бир партия чыгып кетип, калган уткан партиялар бөлүшүп албайт. Мыйзамга ылайык ошондой. Борбордук шайлоо комиссиясынын жобосу да бар”. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтеттүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны “добуш сатып алууга” айыптаган документтери негиз болгон.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, НДПК мындай чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында Боршайкомго кайрылышы керек. Аталган партия дооматтарды негизсиз деп атап жатат.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жети пайыздык чектен алты партия өткөн. Бул партияларга куйрук улаш “Реформа” партиясы 6,18 пайыз, “Социал-демократтар” партиясы 5,59 пайыз, “Ыйман Нуру” партиясы 4,67 пайыз добуш алып, шайлоо босогосунан өтпөй калган.

ТАШИЕВ САВАЙ ЭЛИНЕ ЖОЛУКТУ

«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы болгон элге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев барды.

Учурда ал чогулуп турган элдин пикирин угуп жатат. 16-апрелде Ош шаарынын Кара-Суу районунда Савай айыл өкмөтүнө караган Ынтымак айылынын 50дөн ашуун тургуну нааразылык билдирип чыгышты.

Алар «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтып жатышат. Төрт боз үй тигип алган ташиевдин келишин күтүп жатышкан.

Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жыйынына катышкан. Ал тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшканын, ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер алмашуу принциби менен такталганын айткан.

Мисалы, «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шарихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылган.

Количество просмотров: 72