• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: «Дордой» базарында бомба изделүүдө. Жарнама конструкциялары алынууда

21 Теке 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

«ДОРДОЙДО» БОМБА ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бишкек шаардык милициясына «Дордой» базарынын аймагындагы «Алкан» базарында бомба изделүүдө.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бомба тууралуу маалымат бүгүн саат 09:55те «102» кызматына түшкөн.

Маалымат алынгандан кийин дароо Свердлов райондук ыкчам-издөө тобу окуя болгон жерге жөнөп кеткен.

Учурда аталган аймак милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, базарга келгендер жана кызматкерлер эвакуацияланды.

ЖАРНАМА ТАКТАЛАРЫ АЛЫНДЫ

Чүй проспектисин бойлой Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнүн кесилишине чейин кире бериш топторду иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иштин жүрүшүндө 68 жарнама конструкциясы, баннерлер алынды.

Жеринде Ленин райондук акимиатынын, МАБдын, Жер пайдаланууну контролодоо боюнча башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барды.

БАЛБАНДАР ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШКЕ ДАЯРДАНУУДА

Кыргызстандын грек-рим күрөшү (U-23) боюнча курама командасынын мүчөлөрү КМШ оюндарына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, 8-26-июль күндөрү өтөт.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат

Количество просмотров: 84