• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Эрдоган Жапаровго көңүл айтты. «Next TVнын» жетекчиси сот залынан бошотулду

21 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА ЖАБЫРКАГАНДАР

 Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, чек арада жабыркагандардын саны Кыргызстанда 198 адамга жетти. Алардын ичинен 61и үйүнөн дарыланууга жиберилди.

Баткендин, Бишкектин жана Оштун ооруканаларында жалпысынан 137 адам дарыланып жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 59 жаран каза болду, алардын кырктан ашыгы аскер кызматкери экени айтылды. 

ЖАПАРОВ МЕНЕН ЭРДОГАН ЖОЛУКТУ

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы менен келечегин жана өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алмашышты.

Садыр Жапаров тажик тарап тараптан түзүлгөн кырдаал карапайым калк арасында орду толгус жоготууларга алып келгенине, аскер кызматкерлеринин жоготууларына, аскердик жана жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтиргенине көңүл бурду

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго адамдар курман болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

ДҮЙШЕМБИЕВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Бүгүн, 21-сентябрда «Next TVнын» жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин ишин кароочу соттук отурум өттү. Соттук кароо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болуп, сот өкүм чыгарды.

Биринчи май сотунун чечими менен Таалай Дүйшембиев сот залынан абактан бошотулду. Сот Next TV телеканалынын директорун күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарды.

Белгилей кетсек, 5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Дүйшембиев сот отурумунда акыркы сөзүн сүйлөп жатып, айыптоочу тарап анын күнөөсүн далилдей албаганын айткан.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук комитети март айында аталган телеканалга каршы «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган.

Количество просмотров: 161