• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: «Ихсандын» директору сентябрга чейин камакка алынды. 47 адам COVID жуктурду

14 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС: 47 ЖАҢЫ УЧУР КАТТАЛДЫ

Бүгүн, 14-июлга карата өлкөдө COVID-19дун жаңы 47 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. Анын ичинде 40 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан, 7 кишиден ПЧР-тест тапшыруу учурунда аныкталган. Аныкталгандардын ичинен жетөө COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн. Амбулатордук дарыланууда — 46 адам, ооруканада бир бейтап жатат. Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 миң 329 учуру катталган, адам өлүмү 1,5% түздү.

«ИХСАНДЫН» ДИРЕКТОРУ СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН КАМАККА АЛЫНДЫ

«Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрына чейин тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын соттун маалымат кызматы кабарлады. «Ихсан» кооперативине жана негиздөөчүлөрүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («алдамчылык»), 210-беренеси («ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, «Ихсан» жарандарга 121 млн 313 миң 950 сомдук зыян келтирген. 2022-жылдын март айынын башынан бери өлкөнүн бардык аймагындагы «Ихсан» кооперативине кирген жарандардан көптөгөн кайрылуу келип түшкөн.

АК-СУУ РАЙОНУНДА СЕЛ ЖҮРДҮ

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен чогулган сел каналдарга батпай, турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жерине 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандар менен сууларды сордуруп тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле каналдардын жээктерин бекемделди.

Количество просмотров: 168