• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: ИИМ депутаттарды суракка чакырды. Коронавирустан дагы 5 киши көз жумуп, 422 жаңы учур катталды

19 Жетинин айы 2020 14:16 Бишкек Govori.TV

 ДЕПУТАТТАР СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Эмил Токтошев, Рыскелди Момбеков жана Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу депутататтар өздөрү да тастыктады.

Маалыматка ылайык, депутаттар 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон иштери боюнча күбө катары суракка чакырылды. Басма сөз катчы кошумчалагандай суракка чакыртылып жаткандардын арасында коомдук ишмерлер, жөнөкөй жарандар да бар.

Эскерте кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо добуш берүү процессинин бузулушунан улам жараксыз деп табылган. Буга байланыштуу борбор калаада 5-6-октябрь күндөрү башаламандык болгон. Анда бир топ жарандар жана милиция кызматкерлери да жаракат алып, бир адам каза болгон.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1217 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 422 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында катталды. Оору жуккандардын жалпы саны 68 316 кишиге жетти. Бир күндө 516 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3776 адамга жетти, алардын 3521и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 12 дарыгерден табылды.

МАЛ ИЗДЕГЕН 2 ЖАРАН КАЗА БОЛДУ

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бел жайлоосунда 3 адам мал издеп жүрүп, унаасы 400 метрден бийик жардан кулап, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын үч жараны Нива үлгүсүндөгү авто унаа менен жардан түшүп кеткен. 2000-ж.т. жаран ошол жерде каза болгон, 1979-ж.т. жаран  оор жаракат алып Майлуу-Суу шаардык ооруканасына жеткирилген, ал эми 1977-ж.т. жаран  дайынсыз жоголгон.

18-ноябрь күнү издөө иштерине куткаруучулар жана туугандары тартылып, натыйжада саат 12:30да куткаруучулар дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денесин таап, жардын астынан аркан менен алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 76