• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Илмиянов 7 жылга камалды. Бишкекте Башкы прокурордун отставкасын талап кылышууда

30 Тогуздун айы 2019 15:08 Бишкек Govori.TV

Сот Икрамжан Илмияновго өкүм чыгарды
Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн 30-октябрда
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду 7 жылга эркинен ажыратты. Ишти судья Дамирбек Назаров карады. Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү менен Илмиянов күнөөлүү деп табылып, 160 миң сом  айыппул салуу менен үй-мүлкү камакка алынды. Ал эми анын жактоочулары соттун чечими менен макул эместигин айтышты
Мурдагы отурумдарда прокурор Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү жана ошондой эле кошумча 100 эсептик көрсөткүчтө айыппул салууну суранган.
Айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айтып, акыйкат чечим чыгарууну өтүнгөн.
Эске салсак, Икрамжан Илмияновго «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.
Ага Башкы прокуратура Жазык кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон.


Бишкекте Башкы прокурордун отставкасын талап кылып митингге чыгышты
Бүгүн, 30-октябрда, Ак үйдүн алдында Башкы прокуратуранын ишине канааттанбаган жарандар чогулуп, коррупцияга каршы тынчтык митинг өткөрүштү. Нааразычылык акциясына чыккандар Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баштаган бир нече прокурордун отставкасын талап кылган плакаттарды кармап турушту. Митингдин катышуучулары буга чейин бир нече жолу прокуратурага кайрылганын, бирок андан жыйынтык чыкпаганына нааразычылыгын билдиришти. Мындан улам «Мыйзамсыз курулушка жол берилбесин», «Шаардын прокурору отставкага кетсин», «Прокуратура, парк менен скверди элге кайтарып бер» деген тариздеги лозунгдарды көтөрүп чыгышкан.
Алардын айтымында, Башкы прокуратура адамдардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барбай, тескерисинче мыйзамсыз иштерди калкалап турат.
Митингге чогулгандардын баарынын маселеси прокуратура менен байланышкан. Анда мыйзамсыз куруу, жеке менчик ишканаларына байланыштуу түрдүү окуялар бар. Ак үйдүн алдына чыккандар Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугууну талап кылышты.


Кыргызстанда уран калдыгы көмүлгөн 92 объект бар

Кыргызстанда бүгүнкү күндө уран калдыгы көмүлгөн 92 объект бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште уран казууга каршы мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтылды.
92 объекттин 60ы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында.
Радиоактивдүүсү 6 миллион куб метрден ашык көлөмдө.
Бүгүн парламент “Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү. Демилгечилер – депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канатбек Керезбеков.
Быйыл жазында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун аймагындагы Кызыл-Омпол жергесинде жайгашкан уран кенин жабуу маселеси кызуу талкууланган.
Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда уран кендерин чалгындоого, казууга, иштетүүгө 17 лицензия берилген.
Анын ичинде алты лицензия уран кенине байланыштуу, калганы радиоактивдүү заттарды коштогон элементтерге тийиштүү.
Сегиз уран кенинин үчөө Ысык-Көл аймагында, төртөө Чүйдө, бирөө Баткен аймагында жайгашкан.
Мыйзам кабыл алынса өкмөт аларды жокко чыгарууга тийиш.

Количество просмотров: 157