• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Исаев кызматтан кетти. Баткенде канча үйдүн курулушу башталды?

1 Жетинин айы 2022 14:01 Бишкек Govori.TV

БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен облусунда кыйраган турак үйлөр калыбына келтирилүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Баткен жана Лейлек райондорундагы 135 турак үйдүн пайдубалы курулууда. Ал эми 171 үйдүн пайдубалы бүткөрүлүп, 63 үйдүн дубалынын курулушу жүрүүдө.

Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Баткенде жалпы 661 үй жабыркаганы аныкталган. Тактап айтканда, Баткен шаарында 21, Баткен районунда 454, Лейлек районунда 186 турак үй кыйраган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй оңдоп-түздөөгө муктаж болгон. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү бир көпүрө жабыркаган.

АКЫЙКАТЧЫ АБАКТАГЫЛАРДАН КАБАР АЛДЫ

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тергөө абагында отурган аялдардан кабар алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева жана Клара Сооронкулова менен жолуктум, «кармалган жайда чогуу турган айымдардын баарына укуктук консультация, жардам бер» дешти. Орозайым Нарматовага да жолуктум»,-деп жазды.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу «массалык башаламандык уюштурууга даярданды «деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Аларды бошотуу өтүнүчү менен жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар жана активисттер бийликке кайрылган.

ИНДИЯДАГЫ ЭЛЧИ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы жана Бангладештеги элчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп 2019-жылдын башында дайындалган.

Ал 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгия, Нидерланд, Люксембург жана Франциядагы элчиси, НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштеп келген.

Количество просмотров: 3846