• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Түркиянын омбудсмени Кыргызстанга келди. Көкбөрүдөгү чыр боюнча 65 киши суракка алынды

4 Аяк оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КӨКБӨРҮДӨГҮ ЧЫР: 5 АДАМ КАМАЛДЫ

Ошто көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу милицияда баш-аягы 65 киши суракка алынды. Алардын ичинен 9 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Кара-Суу райондук соту беш кишини эки айга камакка алды.

Калган 56 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилген.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен чапкан.

УЛУТ АРАЛЫК КАСТЫКТЫ КОЗУТУУГА ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Ички иштер министрлиги социалдык тармакта улут аралык кастыкты козуткан 27 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармады. Ведомствонун маалыматына караганда, 2-сентябрда интернет желесинде белгисиз жарандын массалык маалымат каражаттарына регион аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айтып видеокайрылуу жасаган видеосу тараган.

Аталган факты Бишкек шаардык ИИББнын МЭЖне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган А.С. аттуу жарандын өздүгү такталып, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына жеткирилген.

ТҮРКИЯНЫН ОМБУДСМЕНИ КЕЛДИ

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында бүгүн, 4-сентябрда Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташтык жөнүндө мемордумга кол коюшат.

Документ Кыргызстан менен Түркиянын омбудсмен институттарынын ортосундагы Түркиядагы Кыргызстандын, ошондой эле Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди камтыйт.

Количество просмотров: 92