• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Көкбөрүдөгү тополоңдон улам 25 адам кармалды. Орусия Кыргызстанга 9 мектеп курат

1 Аяк оона 2023 18:13 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МЕНЕН ПУТИН МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРЕТ

Кыргызстан жана Орусиянын президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстандагы кыргыз-орус мектептеринин курулушун баштоо иш-чарасына видеокөпүрө форматында катышат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына 1-сентябрда Орусия салып бергени жаткан үч мектептин курулушу расмий башталарын жазды.

«Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстанда биргелешкен курулуш долбоорлорунун башталышын билдирген алгачкы үч кыргыз-орус мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салуу аземине видеокөпүрө форматында катышат. Долбоорго ылайык, өлкөнүн бардык облустарында тогуз заманбап жалпы билим берүү мекемеси курулат. Курулуш долборлоо-иликтөө иштери жыйынтыкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталат. Алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү каралууда. Андан кийин жылына үч мектептен курулуп, ачылып турат. Натыйжада 2029-жылга чейин курулуп бүткөн тогуз мектепте 11 миңден ашуун окуучу билим ала алат»,-деп жазды Султанбаев.

Орусия билим берүү долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда тогуз мектеп куруп берери былтыр жыл аягында белгилүү болгон. Анда бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү — Кыргызстан менен Орусиянын аттестаттарын алары айтылган.

Жогорку Кеңеш мектеп куруу тууралуу эки тараптуу макулдашууну июнь айында жактырган.

ДЕПУТАТТАР ИШИН БАШТАДЫ

Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев күзгү сессияны ачып жатып, аймактарда аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Жогорку Кеңештин азыркы, VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен.

Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА БЕКЕТ АЧЫЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Сузак району менен коңшу Өзбекстандын Андижан облусунун Ханабад шаары менен чектешкен «Бек-Абад» көзөмөл өткөрүү бекети ачылды. Аталган бекет 2009-жылдан бери жабык турга. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Өзбекстандын Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов жана эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл ачылган чек ара Өзбекстан менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы көп кылымдык тарыхый салттар, ынак достук жана жакшы коңшулук алакаларын дагы да бекемделишине чоң салыш кошоорун, Жалал-Абад жергеси, андагы туристик жайлардын эшиги коңшу мамлекеттин тургундары үчүн ар дайым ачык экенин кошумчалады.

Эми Сузак районундагы Бек-Абад чек ара өткөрмө бекетинен жөө жүргүнчүлөр жана жеңил унаа каттамдары өтүүгө болот.

Белгилей кетсек, бүгүн ошондой эле Араван районунун Чек-Абад айылдык аймагында жайгашкан кыргыз-өзбек чегиндеги «Кара-Багыш» өткөрмө бекети ачылды.

КӨКБӨРҮДӨГҮ ЧЫР: ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Талас облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарга тараган видео боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

31-августта социалдык тармактарга тараган видеодо белгисиз адамдар үч жаранды Ошто өткөн көкбөрү оюнунан кийинки жаңжал үчүн айыптап, сабап жатканын көрүүгө болот.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Ош облустук милициясы 1-сентябрда бул жаңжалга байланыштуу 25 адам милицияда сурак берип жатканын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги чырда жети адам жараат алганын, алардын бири күч органдарынын кызматкери болгонунун, ал «мээси чайкалган» деген диагноз менен ооруканага жаткырылганын кабарлады.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

«Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алган.

Улуттук оюндан чыккан чууга байланыштуу социалдык тармакта талаш-талкуу болуп жатат.

 “БИШКЕКАСФАЛЬТСЕРВИСТЕГИ” КОРРУПЦИЯ

«Бишкекасфальсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан битумду жогорулатылган баада сатып алууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан битум менен камсыз кылуучу чарбалык субъект менен келишим түзүлүп, аталган объектти сатып алууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Натыйжада материал жогорулатылган баада (эки эсе кымбат), сатылып алынып, анын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 29 млн сомдон ашык сумма зыян келтирилген.

Дайындалган соттук-бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгында битумду жогорулатылган баада сатып алуудан келтирилген зыян 29 млн 043 миң сомду түзгөн.

Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 30-августта мыйзамга ылайык «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ш.М.К. жана ишканасынын башкы инженери Ж.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 317