• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Кайгуул кызматынын унаасы оодаралып кеткен. Министрлик жайкы дөңгөлөктөрдү алмаштырууга чакырат

18 Аяк оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КАЙГУУЛ КЫЗМАТЫНЫН УНААСЫ ООДАРЫЛЫП КАЛДЫ

Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен кайгуул кызматынын унаасы оодаралып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсык Hyundai унаасынын айдоочусу жол эрежесин сактабагандыктан келип чыккан. Аталган унаанын айдоочусу 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде чукул бурулуш жасап, жолго чыга калган. Натыйжада кайгуул унаасы кагылышуудан качууга үлгүрбөй, оодаралып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматы кырсык болгон учурдун видеосун жарыялады, анда Hyundai унаасынын айдоочусу өз тилкесинде келе жаткан кайгуул унаасын өткөрбөй, Мавлянов көчөсүнө бурулуп кетүүгө аракет кылгандыгы көрүнөт.

АШУУЛАРДА КАР ТҮШТҮ

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго аттанган айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырат.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 18-сентябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы катталып, Ысык-Көл облусундагы Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларына 30 см калыңдыктагы кар жаады.

Ошондой эле Долон ашуусуна кыламык кар жаап, күн бүркөк. Барскоон-Ак-Шыйрак, Каракол-Эңилчек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорундагы бул ашууларда учурда каттам бар жана өлкөнүн башка жолдорунда да унаа кыймылына эч кандай чектөөлөр жок.

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайынан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.

БИШКЕК ЖЭБГЕ КӨМҮР ЖЕТКИРИЛДИ

2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборунда көмүр алуу процесси уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мурда жетишилген макулдашууларга ылайык 40 вагон жергиликтүү Кара-Кече көмүрү ташылып келүүдө. Жалпысынан Кара-Кече разрезинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр жана Казакстандан 550 миң тонна көмүр сатып алууга келишимдер түзүлгөн.

Ошентип, бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 187 миң тонна жергиликтүү көмүр жана 88 миң тонна импорттук көмүр бар.

Количество просмотров: 106