• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Камчы Көлбаев камакта калды. Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

3 Жетинин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

3-ноябрга карата бир күндө коронавирус жугузуп алгандардын саны 400 киши болду. Март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 60 279 адамды түздү.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, вирустан акыркы бир суткада дагы төрт киши каза тапты. Алардын экөө Бишкекте, экөө Баткенде. Марттан бери вирустун курмандыктары расмий эсеп боюнча 1159га жетти.

Вирус эң көп баш калаа Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда тарап жатат. Бир сутка ичинде 547 киши сакайып чыкты. Жалпы бул оорудан айыккандар 51 288.

КӨЛБАЕВ КАМАКТА КАЛДЫ

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Көлбаевдин бөгөт чарасын кароо боюнча сот жараяны токтотулду. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз катчысы кабарлады.

Анын айтымында, буга Көлбаевдин жактоочусунун шаардык сотко берген арызын кайра кайтарып алышы негиз болгон.

“Жактоочу тарабынан шаардык сотко берилгин арыз артка кайтарылып алынгандыктан, бул ишти кароо токтотулду. Демек, буга чейинки инстанциянын чечими күчүндө калды”, – деп билдирди катчы.

Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы кечээ 2-ноябрда, Бишкек шаардык сотунда кармалмак, бирок Көлбаев алынып келинген эмес жана сот бүгүнкүгө калган эле.

Эске салсак, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Көлбаев атайын кызматтын тергөө абагына камалган. Көлбаевдин адвокаттары райондук соттун бул чечимине каршы арызданып, шаардык сотко кайрылышкан.

АБА ЫРАЙЫ ТӨМӨНДӨЙТ

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Ал эми 9-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

9-ноябрда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.  Абанын температурасы төмөндөйт.

Количество просмотров: 262