• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Кара-Суудагы сел курулуштарды агызды. Темир Сариев эки айга камакка алынды

5 Баш оона 2021 13:57 Бишкек Govori.TV


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Акыркы суткада Кыргызстанда таажы илдетинен 9 адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 2372ге жетти. Вирус дагы 840 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 167 076 адамга жетти. Бир күндө 1550 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3306 адам жатат, дагы 7629 бейтап үйдөн дарыланууда.

САРИЕВ КАМАКТА КАЛДЫ

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта камалды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 30-сентябрга чейин камакта болот. Эске салсак, Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан 3-августта кармалган. Ага “Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан” деген айып тагылган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

КАРА-СУУДА СЕЛ ЖҮРДҮ

Ош облусунун Кара-Суу районунда 4-августтун кечинде катуу жаандан кийин сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн суу бир үйдү жана жолдорду каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, сел суусу Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарына агып кирди. Кара-Сөгөттө бир үйдүн артынан сел суусу кирип тешип өткөн, алты адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө зыян келген жок. Ички чарбалык жолдордун сегиз чакырымы кооптуу абалда турат. Сел жүргөн учурда тартылган видеодон суунун ыкчам агымы жолдорду жууп, селкананын жээгине курулган тапчанды агызып кетип жатканын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 128