БАКИР ТАИРОВ КАРМАЛДЫ
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таиров мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, мекеменин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Таиров иштеп жаткан учурда мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири суммада акча каражатын алганын аныктаган.
Маалыматта Таиров ири сумманы берүүгө мекеме жетекчисин 2020-жылдын октябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосунун алдында партиялардын бирин каржылоо деген шылтоо менен мажбурлаганы белгиленген.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бакир Таировдун башка ишкерчилик чарбаларынан да ушундай жол менен акча алган учурлары боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө чаралары жүрүп жатат.
Бакир Таиров Финансы полициясында 2018-жылдын 29-апрелинен 2020-жылдын октябрдын ортосуна чейин иштеген.
КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Республикалык штабдын бүгүнкү маалыматына караганда кечээтен бери коронавирус бир адамдын өмүрүн алды. Каза болгон жаран Жалал-Абад облусунун тургуну болгон.
Өткөн суткада өлкөдө 327 кишиден коронавирус табылып, 447 бейтап ооруну жеңди. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 76 718ге жетип, 69 341 бейтап айыкты. Азыркы тапта ооруканаларда 2 263 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 590 кишинин абалы оор деп бааланса, 90у өтө оор абалда.
Бир суткада 12 медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда 11 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы маалым болду.
БАШКЫ БАЛАТЫНЫН ОТУ ЖАНДЫ
Бишкектин чок ортосунда Жаңы жылдык балатынын оту жанды. Аны орнотууда жумушчулар бир жумадан ашык иштеди.
Арчанын бийиктиги 25 метрге жетет. Ал 1,5 чакырымдык жаркылдаган гирлянддар, 650 оюнчук улуттук стилдеги оймолор менен кооздолгон.
Орнотуу жана жасалгалоо иштери менен «Тазалык» жана «Бишкек жарык» муниципалдык ишканалары алектенди.
Быйыл Бишкек мэриясы үнөмдөө максатында балатыны былтыркы оюнчуктар менен кооздоп, концертик программалардан баш тартты.