• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Келдибеков Текебаев менен чабыша турганын айтты. Куш тумоосу Казакстанда тароодо

22 Аяк оона 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

Коронавирус: 114 бейтап ооруканадан чыгарылды

Бир сутка ичинде COVID-19дун, пневмонияны эсепке алганда 71 жаңы учуру катталган. Анын ичинен бир адам медицина кызматкери экени аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3203 учур катталды, алардын ичинен 2847 медкызматкер айыгып чыкты. Сутка ичинде сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 114 адамды түздү.

Ахматбек Келдибеков: Текебаев менен чабышам

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибековдун Алайдагы эл менен жолугушуу учурундагы видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Анда жергиликтүү жашоочулардын бири менен Келдибеков кайым айтыша кеткен. Алайдын тургуну Ахматбек Келдибековго “канча жылдан бери депутат болуп келе жатасыз эмне иш кылдыңыз?” деген суроо узаткан. Ал эми Келдибеков 8 жылдан бери Атамбаев жана Текебаев менен чабышып келгенин айтып жатканын көрүүгө болот.

Лукашенконун режимине каршы санкция

Евробиримдик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Беларустагы акция катышуучуларын куугунтуктоого катышы бар аткаминерлерге каршы санкция киргизүүгө макулдаша алышкан жок. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель уюмга мүчө 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун жыйынтыктап жатып, Кипрдин позициясынан улам консенсуска келүү мүмкүн болбой калганын айтты.

Куш тумоосу Казакстандын беш облусунда тарады

Казакстанда куш тумоосунан үй канаттуулары кырылып жатат. Илдет Өлкөнүн беш облусунан катталган. Алар: Түндүк Казакстан, Акмоло, Костанай, Павлодар жана Караганды. Бул тууралуу 21-сентябрда борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифинг учурунда айтылды.

«Ушул тапта беш облуска караштуу 26 райондо жана 47 айылда канаттуулардын кырылып жатканы аныкталды. Жеке үй-жайларда 12 926 канаттуу өлгөн. Түндүк Казакстан облусунда 41 миңден ашык куш кырылган», – деди айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Исаева.

Количество просмотров: 62