• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Kloop порталын жабуу боюнча сот жылды. Талапка жооп бербеген мал союучу жайлар аныкталды

19 Үчтүн айы 2024 14:00 Бишкек Govori.TV

KIООР БАСЫЛМАСЫНЫН ИШИ

19-январда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу соттук отурум жылдырылып, кийинки жараян 25-январга дайындалды.

“Клооптун” адвокаттары кайрадан жүргүзүлгөн лингво-психологиялык экспертизанын жыйынтыктары менен тааныша электигин айтып, судьядан убакыт сурады. Сот ал өтүнүчтү канааттандырды.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клоопту” жабуу боюнча сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨГӨ 300ДӨН АШЫК АДАМ ЧЫКТЫ

Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, издөө иштерине жалпы 312 адам чыкты.

Эске салсак, 14-январда 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталы дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу 15-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле анын Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕГЕН МАЛ СОЮУЧУ ЖАЙЛАР АНЫКТАЛДЫ

2023-жылы Кыргызстанда жалпы 101 мал союучу жай катталып, анын ичинен 15и ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн убактылуу жабылган. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

Ошондой эле адис белгилегендей, Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Кадамжай, Лейлек, Бакай-Ата, Манас, Тоң, Ысык-Көл жана Москва райондорунда жаңы салынган мал соючу жайлардын курулушу аяктап ишке кирүү алдында турат.

Ал ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 225 миң сом өлчөмүндө айып пул салынганын кошумчалады.

Количество просмотров: 96