Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 16-июлда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу маселеси боюнча акыркы чечим кабыл алды. Сот Бишкектин Октябрь райондук сотунун фонд жоюлушу керек деген чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу “Клооптон” билдиришти.
Ал эми “Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечими “күтүлгөндөй болгонун” айтты.
“Биз чындыгында башка эч нерсе деле күткөн эмеспиз. Эч нерсеге карабай “Клооп” иштей берет. Ликвидациялоо боюнча сот жараяндары жүрүп жаткан маалды социалдык тармактарда колдонуучуларыбыздын саны өстү. Бир кыргызстандык окуса да биз ири иликтөөлөрдү, балансталган жаңылыктарды жана курч макалаларды жарыялоону уланата беребиз,” — деди Тухватшин.
“Клооп” 2008-жылдан бери иштеп келет. Медиа бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.