• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Өкмөттү таратуу сунушу айтылды. Таласта оорукана кызматкери сабалды

30 Үчтүн айы 2020 13:40 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТ: ӨКМӨТТҮ ОТСТАВКАГА КЕТИРҮҮ КЕРЕК
Депутат Евгения Строкова өкмөттү отставкага кетирүү керек деди. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.
Анын билдирүүсүндө, өкмөт, айрыкча аткаминерлер жетиштүү деңгээлде өз милдеттерин аткарбай жатышат.
«Мен социалдык жактан коргоого алынбаган кесип ээлери — медиктер менен мугалимдерди турак жай менен камсыздоо тууралуу айтып жатам. Алар жатаканадан бөлмө алышканы менен балдарын ал жакка каттата алышпайт. Бул адилетсиздик. Бул маселени чечүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Биз анын курамына депутаттарды киргизүүнү суранган элек, бирок өтүнүчтү аткарышкан жок. Мамлекеттик кызматкерлер эмне деп айткандарын билесиздерби? Алар депутаттарды укпагыла, алар жакында кетишет дешет. Мен өкмөттү таратып, кайра жаңы тандоо керек деп сунуштап жатам. Октябрга чейин убактыбыз бар», — деди депутат.


ТАЛАСТА ООРУКАНАДА САНИТАР САБАЛДЫ
Талас облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө санитардык кызматкер сабалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Окуя 28-январда болгон. Жабырлануучу милицияга арыз жазды.
«Бейтапты көрүүгө келгендер палатага кирели дешкенде, аларды күтө турууну айтышкан. Жыйынтыгында пикир келишпестик жаралып, санитардык кызматкерди тээп жиберишкен. Аталган факт боюнча текшерүү жүрүүдө», — деп билдиришти ОИИББдан.
Оорукананын кызматкерлерине карата орой мамиле жасаган бул алгачкы окуя эмес. Эске салсак, Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында жаңжал чыккан. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.


ОРУСИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР КАРМАЛДЫ
Санкт-Петербургда Орусиянын президентине кол салууга чакырган сүрөттөрдү имаратка тартып жүргөн деген шек менен кыргызстандык жаран камакка алынды. Бул тууралуу Интерфакс жазды.
Басылма Питер сотунун басма сөз кызматына шилтеме берип, 22 жаштагы Мухаммадазиз Ишматовго «вандализм» жана «террордук ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн эл алдында чакырык таштоо» беренелери боюнча айып тагылууда деп жазган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, белгисиз киши интернет аркылуу Парпиев аттуу жаран менен байланышып, ага Орусиянын президентинин сүрөтү түшүрүлгөн жана «Көрсөң- өлтүр» деген жазуусу бар трафарет жасап берүүнү суранган. Бул кызмат үчүн шектүү 5 миң рубль сунуштаган. Ошондой эле трафарет жана боектун жардамы менен Петербургдагы бир канча имараттын дубалына сүрөттү түшүрүү тапшырмасы коюлган.
Парпиев макул болуп, бул ишке Ишматовду тарткан. 27-январда экөө 6 имараттын дубалына сүрөт түшүрүп чыгышкан.
Ишматов бул ишке өзүнүн катыштыгы жок экенин айтууда. Соттун чечимине ылайык, ал 27-мартка чейин камакта болот.
ЖМКнын маалыматы боюнча, экөө тең Кыргызстандын жарандары.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин экологиялык абалы боюнча кеңешмеде атайын программа иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
«Өкмөт бул документти сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылыш үчүн зарыл финансы каражаттарын табат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы жарандар арасында экологиялык билим менен маданият принциптерин жайылтыш керек экенин белгиледи. Ошондой эле калктуу конуштарды газдаштырууну жайылтуу, автотранспортту газга өткөрүү боюнча маселе талкууланды.
Экологдор Бишкек шаарында абанын булганышы боюнча кыш түшкөндөн бери эле коңгуроо кагып келатышат. Бирок өкмөт азырынча кескин чара көрө элек.

Количество просмотров: 1335