ПРЕЗИДЕНТКЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛОО МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛДҮ
Бүгүн депутат Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо тууралуу маселени көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити, дипномерлүү унааны пайдалануу жана трансулуттук топ боюнча Башкы прокуратуранын отчетун угуу керек.
«Мунун баары унчукпаган бийликтин башкаруусу алдында болуп жаткандыктан, президентке импичмент жарыялоону талкуулоого алып келүүдө. Эл аралык коомчулук алдында уят эле. Уюшкан кылмыштуу топ жок, аткезчилик жок, баңгитрафиги жок, бул эмне деген билдирүү. Деги эмне болуп жатат?» — деди Ирина Карамушкина.
Бирок, кесиптештери аны колдоп чыгышкан жок. Депутат Азамат Арапбаев Ирина Карамушкинаны 7 жылга кечигип калганын, анткени журналисттик иликтөөдөгү окуялар 2011-2012-жылдарда болгонун билдирди. Башка депутат Уланбек Примовдун айтымында, импичмент үчүн эч кандай негиз жок. Депутаттар Карамушкинаны абийирсиз деп аташып, эл менен депутаттык корпуска чагымчылдык кылбоого чакырышты.
Ал эми депутат Наталья Никитенко депутаттардан Ирина Карамушкинаны тилдебөөнү суранып, 2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялаганда, быйылкы жылы мурунку президентке коюлган айыптар айтылганын эскертти.
Депутаттар Ирина Карамушкинанын күч түзүмдөрүнүн отчетун угуу тууралуу пикирине макул болушту.
ДАГЫ БИР ЖООКЕР АСЫНЫП АЛДЫ
Майлуу-Суу шаарындагы Кургактагы аскерлердин жоокери асынып алды.
Бүгүн, 27-ноябрда таңкы саат 08:00дө автопарктын аймагынан 1997-жылы туулган аскер кызматкеринин жансыз денеси табылган. Ал суицидке барганы маалымдалды.
Жоокер каза болгонго чейин бир күн мурда үйүнөн келген. Ал мыкты аскер кызматкери катары бааланып 10 күндүк эс алууга чыккан болчу.
Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталып, Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.
ИНТЕРНЕТТЕ ӨКМӨТТҮ ЖАМАНДАГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Аймактар аралык касташууну козуткан социалдык тармактардын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, А.Ж. ысымдуу жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
«Такталгандай жаран жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан», — дейт УКМК.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча шектелүүдө.