• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коомдук тамактануучу жайлардын ишин көзөмөлдөө күчөтүлдү

14 Аяк оона 2020 14:12 Бишкек Govori.TV

Коронавирус: Учурда ооруканаларда 507 бейтап дарыланууда

Кыргызстандын ооруканаларында 507 бейтап ооруканаларда, жана 1 миң 903 бейтап үй шартында дарыланып жатышат. Бүгүнкү күнгө карата 47 адам каронавирусту жуктуруп алышкан болсо, бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен (пневмонияны эсепке алганда) 101 бейтап сакайып чыккан

Кыргызстандык спортчулар таза мамлекет үчүн

Өзгөчөлөнгөн экочуркоо 2020-жылдын 13-сентябрында өткөн. Ага кесипкөй спортчулар жана ошондой эле, жөн гана чуркаганды жактыргандар катышкан. Алар 15 чакырымга чейинки аралыктан чуркап, жолдогу таштандыларды дагы теришкен. Ал эми марага келгендерге ардак дипломдору тапшырылган

Биздин акциянын максаты, кыргызстандыктарды өзүнүн жашоо образына, алардын айлана-чөйрөгө тийгизип жаткан таасирине көңүл бурдурууга багытталат” – деди “Эко Деми” Коомдук Фондунун башкармалыгынын төрайымы Венера Мамбетмусаева

Үйлөнүү тойдо тапанча булгалаган жигит кармалды

Үйлөнүү тойунда тапанча булгалаган жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 12-сентябрда болгон. Жигиттердин видеосу Ноокат районуна бара жатканда Ош шаарына караштуу Жапалак айылынан чыга бериште видеотасмага түшүп калган.

“2000- жылы туулган аттуу жигит Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалды. Тапанча пневматикалык болуп чыкты, тергөө тарабынан алынды. Учурда бул жарандын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн Ош ШИИБнын тергөө кызматы тарабынан каралып жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Бишкекте коомдук тамактануучу жайлардын ишин көзөмөлдөө күчөтүлдү

11-сентябрдан тартып эпидемиологиялык абалдын чыңалгандыгына байланыштуу, Бишкек шаарында коомдук тамактануучу жайлардын ишин көзөмөлдөө чаралары күчөтүлгөн. Мындай акыбал эпидемиологиялык жагдай жакшырганга чейин колдонулат жана менчигинин түрүнө карабастан бардык тараптар үчүн милдеттүү болуп эсептелмекчи.

Количество просмотров: 48