Коомдук транспорт мектеп окуучулары үчүн акысыз болот
1нен 15-сентябрьга чейин коомдук транспорттор мектеп окуучулары үчүн бекер болмокчу.Аталган акция балдарды жол кырсыктарынан сактоо максатында, Жол Кыймылынын Коопсуздугун Камсыз кылуу башкы башкармалыгы тарабынан «Абайлагыла, балдар!» урааны астында өткөрүлөт. Окуучуларды ташыган коомдук транспортто бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталат-деп билдирилет маалыматта.
ЖКнын сессиясынын расмий ачылышы
Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылышы болуп өттү.
Маалыматка ылайык, Конституциясынын 77-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.
Аалы Туткучев аткаминерлерди катуу сындады
Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн маданий иш чарада төкмө акын Аалы Туткучев аткаминерлерди катуу сынга алды. Тилинен чаң чыккан жез таңдай акын, бүгүнкү күндөгү эркиндик кандай кыйынчылык менен келгенин айтып бүткөн соң, элдин канын соргон аткаминерлердин кылыктары тууралуу да сөз козгоп, бажыдагы жемкордукту дагы эске салган.
Бек Борбиевге айыппул салынды
Ырчы Бек Борбиевге “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын үгүт иштерине катышкандыгы үчүн айыппул салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришти.
БШКнын маалыматы боюнча, үгүт иштери жана даттануулар боюнча эки жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгында, Борбиевге Бузуулар жөнүндө кодексинин 44-беренесине ылайык, 7 миң 500 сом айыппул салынган.
Ырчы Бек Борбиев буга чейин “Мекеним Кыргызстан” деп аталган ыр чыгарган. Ырдын видео клибинде 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга камынган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын эн белгиси бир канча жолу көрсөтүлөт. Мына ошондуктан аталган ыр коомчулукта үгүт катары сындала баштаган.