• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коомдук транспорттор текшерилип, айып салынды. Улуттук банк доллар сатты

21 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

УЛУТТУК БАНК ДОЛЛАР САТТЫ

Кыргызстандын Улуттук банкы 20-декабрда доллардын курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна 87 миллион 500 миң доллар сатты. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн негизги банкынын сайтына жарыяланды.

Улуттук банк жыл башынан бери 15 жолу интервенция жасады. Буга чейин өлкөнүн башкы каржы мекемеси 17-ноябрда валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар саткан.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 67 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 73 тыйындан сатып алынып, бир сом кымбат сатылууда.

КООМДУК УНААЛАР ТЕКШЕРИЛДИ

Бишкек шаардык кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторду текшерүүгө алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган бакшы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маршруттук унаалардын техникалык абалы жана айдоочулардын айдоо маданияты текшерилип, эскертүүл өр берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында техникалык бузуулары аныкталган коомдук транспорттого жалпысынан 32 миң сом айып салынды.

ЖОЖДОРГО КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу ушул жылдын 26-декабрында башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи этабы 26-декабрдан 31-декабрга чейин жүрөт.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00до аяктайт. Кышкы кабыл алуунун экинчи этабы 2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин уланса,  үчүнчү этабы 2023-жылдын 16-январынан 18-январына чейин жүрөт.

Ал эми 23-январынан 28-январына кабыл алуунун 4-этабы өтмөкчү.

Количество просмотров: 104