• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам каза болду. Кумтөр маселеси качан чечилет?

15 Бирдин айы 2022 14:14 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 15-февралга карата коронавирус 55 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Акыркы суткада 207 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 428 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 18 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 121 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 178 киши айыгып чыкса, 2 миң 932 адам каза болду.

КУМТӨР МАСЕЛЕСИ КАЧАН ЧЕЧИЛЕТ?

Чет элдик компания менен Кумтөр маселеси 15-мартка чейин чечилип бүтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгайын деп калды. 15-мартка чейин тынчтык жолу менен ажырашууну макулдаштык. Жакында президент Садыр Жапаров толук маалымат берет», — деди Жапаров.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.

НУРЛАН МАМЫТОВА КАРМАЛДЫ

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 11-февралындагы токтомуна ылайык, Н.Мамытовго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2022-жылдын 8-март күнүнө чейин тандалган.

Белгиленгендей, Нурлан Мамытовго КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылган.

Нурлан Мамытов башкармалыктын мүчөсү болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган.

Количество просмотров: 66