• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус 100 адамдан аныкталды. Ошто көпүрөдөн кулап каза болгон кыздын өлүмү териштирилет

26 Жалган куран 2021 14:15 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 100 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок. Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (45) жана Чүй облусунда (46). Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 858ге жетти, каза болгондор — 1494 адам. Бир күндө 62 адам айыгып чыкты. Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4229 адамга жетти, алардын 4196сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору беш дарыгерден табылды.

КӨПӨРӨДӨН  КУЛАП КАЗА БОЛГОН КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ ТЕРИШТИРИЛЕТ

Ошто бийиктиктен кулап каза болгон кыздын өлүмү териштирилип жатат. Милиция окуя 25-мартта Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагындагы Дача деген жерде жайгашкан көпүрөдө болгонун, кыз өзү боюн таштап жибергенин билдирди. Райондук ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 136-беренеси (Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен иш козгоду. Маалыматка караганда, каза болгон кыз 2020-жылы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетин аяктап, Орусияда жашаган ата-энесине кеткен. Ал жактан Ошко эки күн мурда келген. Улуту кыргыз, жарандыгы Орусияныкы болчу.

БИШКЕКТЕ ПАКИСТАНДЫКТАРДЫ ТОНОООГО ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 25-март күнү болжол менен саат 02:45 чамасында “102” кызматына “Ала-Тоо” аянтынан каракчылык кылып кетишти деген маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене “каракчылык” боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 177