• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус 870 адамдан аныкталды. Бекназаров Мадумаров менен Ташиевге кайрылды

19 Үчтүн айы 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 2 миң 334 мектептин 26сы онлайн-окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу Бишкек шаарында 16 мектеп, Чүй облусунда – 10 мектеп карантинге жабылды. Ал эми республикалык штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 19-январга карата коронавирус 870 адамдан аныкталса, акыркы суткада 201 адам илдеттен сакайып, эки бейтап каза болду. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 192 миң 158 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 426 киши айыгып чыкса, 2 миң 838 бейтап каза болду.

БЕКНАЗАРОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго кайрылды.  Элчи кайрылуусунда Кыргызстанга кызматтык иш сапар, анын ичинде июнь окуясы боюнча көрсөтмө берүү үчүн келгенин, «Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө бергенге келди» деген сөздөр туура эместигин билдирген.

«Мындан эки жыл мурда Адахан мырзанын мени элчиликке сатылып кетти деген сөзү боюнча маалымат жыйынында берген жообумду эки жылдан бери үзгүлөп-кескилеп, Адаханга каршы колдонуп жүрөт. Кечээ тергөөчүлөрдүн ошол сөзүңүздү тактап коелу дегенине макул болгонумду кайрадан бийлик дагы, Адахан дагы саясат кылып жатат», — деди Бекназаров. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 17-18-январда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берип чыккан.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сурак берип жаткан Адахан Мадумаров 18-январда сурактан чыккандан кийин «эртең жекеме-жеке жолугушуулар болот экен, бир азамат Мадумаровго каршы сүйлөп берем деп келген экен» деп айткан.

Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары суралып баштаган.

РОССИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКТОН ЖАРААТ АЛДЫ

Санкт-Петербургдун түштүгүндө 41 жаштагы Кыргызстандын жаранынын катышуусунда травматикалык тапанчаны колдонуу менен болгон чыр-чатак тууралуу массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматка байланыштуу Элчилик маалымат тартты.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын 16-январында автосервистин кызматкери болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны менен автосервистин кардарынын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө кардар тарабынан ок атылган. Жабыркаган кыргызстандык оң жаагынан травматикалык жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага «Бейбаштык» боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кошумчалангандай, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөттү.

Количество просмотров: 261