• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус Бишкекте көбөйдү. “Торугарт” өткөрмө бекети жабылды

12 Тогуздун айы 2020 13:57 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУСТАН ДАГЫ 5 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 12-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.

Анын үчөө Ош облусунда, бирөө Ош шаарында, дагы бири Талас облусунда катталды.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1090го жетти

12-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 298 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 49 528ге жетти. Анын 44 522си сакайганы айтылды. Бир күндө 127 киши ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1737 бейтап стационарда, 1725и үй шартында дарыланууда.

БИШКЕКТЕ ТҮН ТЫНЧ ӨТТҮ

Түндө Бишкек шаарында абал тынч өттү. Бул тууралуу ШИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, ички иштер органдары, куралдуу күчтөр элдик кошуун менен биргеликте коомдук тартипти сактап, жарандарды коопсуздугун камсыздап жатат.

“Кырдаалды курчуткан жана чагымчылдыкты жараткан аракеттер боюнча фактылар болгон жок”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, саат таңкы 5:00дөн бери транспорттун жана жарандардын кыймылы кадимки абалында жүрүүдө. Мамлекеттик мекемелер менен ишкерлик объектилери толук иштеп жатат.

“ТОРУГАРТ” УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көзөмөл бекети аба ырайынын кескин начарлашынан улам Кытай тараптын демилгеси менен 12-октябрда оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык болот.

Ал эми “Эркечтам” бекети оор жүк ташуучу унаалар үчүн атайын кабыл алынган алгоритмдин негизинде кадимки тартипте иштеп жатканы айтылды.

Количество просмотров: 218