• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус дагы 9 адамдын өмүрүн алды. Кыргызстандан мал экспорттоого уруксат берилди

5 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 5-июлга карата коронавирустан тогуз адам каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын үчөө Бишкекте, Ысык-Көлдө эки киши, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден адам. 2020-жылдын март айынан бери 2046 киши оорунун курмандыгы болду.
Бир суткада 1 437 адамда вирус жаңы аныкталды. Алардын басымдуусу — 924 киши Бишкекте.
2020-жылдын март айынан бери жалпы ооругандар 132 070 деп эсептелди.
Ооруканада 4 126 адам, үйүндө 11 589 киши дарыланууда. 176 кишинин абалы өтө оор.

ДЕПУТАТТАР КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯНЫ АЧТЫ
Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин бир айлык кезексиз сессиясы ачылды.
Буга чейин айрым депутаттар коронавирус пандемиясынан улам жана учурдагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында эмгек өргүүгө чыкпастан кезексиз сессияга чогулууну сунуштаган.
Парламенттин иши 30-июлга чейин регламентке ылайык жүрөт. Тактап айтканда, жуманын дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү комитеттердин жыйындары өтөт, шаршемби, бейшембиде сессия болот, ал эми жума күндөрү фракциялар чогулат. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы өткөн жумада жайкы эс алууга таркаган эле.

МАЛДЫ ЭКСПОРТТООГО УРУКСАТ БЕРИЛДИ
8-июлдан тартып малды Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө сатууга уруксат берилет. Бул тууралуу Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

«Тоют таңкыстыгынан улам малды сыртка экспорттоого уруксат бердик. Ошол эле учурда тоюттун баасы көтөрүлүп бараткандыгына байланыштуу чөп, байытылган тоют, жүгөрү жана арпаны өлкөдөн чыгарууга толук тыюу салынды», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Кыргызстандан тоют негизинен Казакстанга сатылат.

Бодо малга жана майда жандыкты экспорттоого салынган тыюу алынарын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да 24-июнда маалымдаган.

2020-жылдын ноябрь айында малды сыртка сатууга убактылуу чек коюлган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу, ургаачы мал-жандыктын азайып жатканы менен байланыштырган. Мындай чектөөлөр айрым фермерлерди нааразы кылган.

Количество просмотров: 171