• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 10 адам каза болду. Ошто талапкер добуш сатып алууга шек саналып кармалды

8 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстандан соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 1238 адамга жугуп, он бейтап мерт болду. Ооругандардын жалпы саны 136 миңге чамалап калды. Илдет 2073 кишинин өмүрүн кыйды.

Азыр бейтапканалара 4,5 миңден көп адам жатат жана алардын 186сынын абалы өтө оор.

Акыркы бир күндө коронавирусту 50 медицина кызматкери жуктуруп алды. Бардыгы болуп оору 5732 дарыгерге жукту.

Буга чейин Министрлер кабинети а ушул аптада Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келерин маалымдаган.

ОШТО ТАЛАПКЕР КАРМАЛДЫ

Ош милициясы шаардык кеңешке талапкерлердин бири 7-июлда түнү саат 10дор чамасында добуш сатып алууга шек саналып кармалганын билдирди. Шаардык ички иштер башкармалыгы анын шайлоочуларга таратып жаткан акчасы алынып, тергеп-иликтөө башталганын кабарлады.

Мындан бир күн мурун Ошто дагы бир талапкер добуш сатып алууга айыпталып кармалган эле. Жергиликтүү милиция шайлоочуларга акча тараткан деп шек саналган дагы үч жаран камалганын, алардын жанынан 115 миң сом табылганын жарыялаган.

Күч органдары кылмышка шектүүлөр кайсы партиянын талапкерлери, өкүлдөрү экенин тактай элек.

Ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам бузуу тууралуу арыздардан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. 

БАТКЕНДЕ СЕЛ ҮЙЛӨРДҮ КАПТАДЫ

Баткен облусунун Согмент, Газ жана Кара-Булак айылындарында сел жүрүп,  турак-үйлөрдүн короолорун  каптады. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-июль жааган жаандын кесепетинен суунун денгээли көтөрүлүп, Баткен районунун Согмент, Газ жана Кара-Булак айылындарында турак үйдүн короолоруна сел суулары каптаган. Ошондой эле 2 көпүрө бузулуп, кетке 3 гектар эгин талаасын сел суулары каптаган. Сай боюнда жайгашкан 47 турак үйгө кооптуу абалга келип, анын ичинен 6 турак үйдүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, убактылуу коопсуз тилкеге көчүрүү жагы жергиликтүү бийликке сунушталды.

“Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу үчүн жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 15 куткаруучу, жергиликтүү тургундар тартылган. Акимдин буйругу менен Газ жана Согмент айылдарына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 71