• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам каза болду. Жапаров Санкт-Петербург шаарына барат

27 Бештин айы 2021 14:07 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 27-декабрга карата коронавирус дагы 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми бир суткада 30 адам илдеттен сакайып чыкты, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 292 бейтап, амбулатордук түрдө 313 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 506 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 619 киши айыгып чыкса, 2 миң 797 адам каза болду.

ЖАПАРОВ ОРУСИЯГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барып, анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) катышуучу-ммалекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган иш-чарага Белорусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

ӨРТТӨН 4 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында турак үйдөн өрт чыгып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө КР ӨКМнин жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, өрт саат 09:28де чектөөгө алынган.

Кырсыктын кесепетинен 2 аял 1980-жылы туулган Ж.Г., 1982-жылы туулган жана 2 жаш бала 2009-жылы туулган Ж.С., 2019-жылы туулган Х.М. каза болгон.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 65