• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 бейтап каза болду. Эркек кишини жүк ташуучу унаа басып калды

4 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 4-мартка карата коронавирус 23 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 63 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 163 бейтап, амбулатордук түрдө 366 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 531 киши айыгып чыкса, 2 миң 962 адам каза болду.

ЖҮК ТАШУУЧУ УНАА БАСЫП КАЛГАН КИШИ КАЗА БОЛДУ

Караколдо эркек кишини жүк ташуучу унаа басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кирпич заводу кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында 1990-жылы туулган У.У. аттуу эркек киши оор жүк ташуучу унааны оңдоп жатканда, аны унаа басып калган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган адамды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей тез жардам унаасында каза болгон.

КАР КӨЧКҮДӨ БИР АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Чүйдө кар көчкү түшүп бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бирөөсүн жок болуп жаткандыгы тууралу маалыматтын негизинде, жерине 15:55де Кемин райондук №5 ӨКБнөн беш куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3000 м3 кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган.
Издөө иштерин жүргүзушуп саат 17:45те көчкүнун астынан 49 жаштагы Б. Р. эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Каза болгон жарандын денеси райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 121