• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров Пакистандын премьер-министрине көңүл айтты. Кайра шайлоого канча сом корогон?

20 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ  ШАХБАЗ ШАРИФКЕ КӨҢҮЛ АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шарифке көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“14-июнда Жер Ортолук деңизинде пакистандык жарандарды алып бара жаткан кеменин кырсыкка учурашынын кесепетинен болгон адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Пакистан элине, ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтуу менен бирге, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Бул оор убакытта биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

КАЙРА ШАЙЛООГО КАНЧА КАРАЖАТ КЕТКЕН?

Борбордук шайлоо комиссиясынан Бишкек шаарынын Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону өткөрүүгө бюджеттен канча каражат кеткенин маалымдашты.

Ошентип, аталган бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө чыгымдардын сметасына ылайык 18 млн 636,5 миң бөлүнүп, анын ичинен 15 млн 413,9 миң сому чыгымдалды. Пайдаланылбай калган каражат 3 млн 222,6 миң сомду түздү.

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өттү. Алдын ала маалымат боюнча, Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо Дамира Ниязалиева жеңип чыккан.

Бирок, 29-майда БШК Дамира Ниязалиева тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдаган. Кийин аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети добуш сатып алуу фактысы боюнча талапкер Улан Сариевге кылмыш ишин козгогон.

ЖЕР ТИЛКЕСИ МУНИЦИПИАЛДЫК МЕНЧИККЕ КАЙТАРЫЛДЫ

Ош шаарында 20 млн сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош мэриясы 404 чарчы метр жер тилкесин Т.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө, аукцион өткөрбөстөн сатып, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен толук менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 20 млн 200 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Количество просмотров: 146