• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 бейтап каза болду. Жапаров Назарбаев менен жолукту

9 Бештин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 9-декабрга карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 41, Ош шаары – 2, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 365 бейтап, амбулатордук түрдө 347 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 810 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 851 киши айыгып чыкса, 2 миң 764 адам каза болду.

ЖАПАРОВ НАЗАРБАЕВ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын биринчи президенти — эл башы Нурсултан Назарбаевге жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Акылбек Жапаров менен Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулаганы айтылат. Өзгөчө басым соода-экономикалык тармакка, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүү маселесине жасалган.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Нурсултан Назарбаевди жана казак элин Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап жана президенти Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо айткан.

Акылбек Жапаров 7-8-декабрь күндөрү иш сапар менен Казакстандын борбору Нур-Султанга барды. Ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт-Токаев, өкмөт башчысы Аскар Маминге жолугушту.

ТАШТАНДЫ ЖАЙ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШ КОЗГОЛДУ

Бишкек шаарындагы таштанды таштоочу жай боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, подрядчы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилген каражатты туура жана эффективдүү пайдаланган эмес.

«Тазалыктын» кызматкерлеринин жоопкерчилиги да каралышы мүмкүн», — деди мэр.

2017-жылы Бишкек шаарында жаңы таштанды таштоочу полигон жана таштанды сорттогон фабрика курулушу керек болчу. Эски таштанды таштоочу жай рекультивация болмок. Бул иштерге Бишкектин мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан жана Еврокомиссиядан 11 млн евро алган.

Количество просмотров: 91