• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 3 адам көз жумду. Добуштардын 90 пайыздан ашыга кол менен саналып бүттү

3 Бештин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 3-декабрга карата коронавирус дагы 50 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 466 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 510 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 478 киши айыгып чыкса, 2 миң 755 адам каза болду.

ДОБУШТАРДЫ КОЛ МЕНЕН САНОО

Бүгүн, 3-декабрь саат 10:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 90 пайыздан ашыгы маалыматтык серверге киргизилип бүттү.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.

Бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия катышкан.

Добуштардын 91 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү: «Ата-Журт Кыргызстан» — 16,61%, «Ишеним» — 13,79%, «Ынтымак» — 11,22%, «Альянс» — 7,96%, «Бүтүн Кыргызстан»— 6,63%, «Ыйман Нуру» — 6,25% пайыз добуш алды.

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

УКМК буга байланыштуу териштирүү ишин жүргүзүп жатат.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 4 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Кочкор районунда 2-декабрь күнү саат 21:08 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында “КамАЗ” оор жүк ташуучу унаасы жана жеңил унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркаган .

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 195