• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 4 киши көз жумду. “Хүррем султан” Бишкекке келди

6 Аяк оона 202114:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 6-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан төрт киши каза тапты.
Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 554 адамга жетти.
Соңку бир суткада вирус дагы 109 адамдан табылды.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 582 кишиге жетти. Алардын 845и ооруканада жатат, дагы 1109 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 101 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 624 киши.

“ХҮРРЕМ СУЛТАН” БИШКЕККЕ КЕЛДИ

Жыл сайын Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган Азия аймактык телесериалдар үчүн сыйлык уюштуруларын кабарлады.

Бул долбоордун бет ачары бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте өтүүдө. Ага немис-түрк актрисасы Мерием Үзерли келип катышууда.

Теги түркиялык, Германияда жашаган актриса «Даңазалуу доор» кино-сериалында тарыхый инсан Хүррем султандын ролун аткарып, дүйнөгө таанылган.

Asian World TV Series аттуу сыйлыкты тапшыруу 2022-жылдын май айынын баш жагына белгиленип жатат. Анын алкагында телесериалдар тандалып, кино тармагындагы белгилүү режиссер, актер, актрисалардын катышуусу менен өтөт.

Бул долбоорду Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОнун ыйгарым укуктуу өкүлү Садык Шер Нияз, ишкер Шухрат Ибрагимов негиздеди. Садык Шер Нияз «Айтыш фильм» киностудиясынын да негиздөөчүсү. 

БАБАНОВ КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТТЫ

Москвада дарыланып жаткан саясатчы Өмүрбек Бабанов 5-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди. Белгилүү болгондой Бабанов унаа менен келген.

Маалым болгондой, ага операциядан кийин дарыгерлер учак менен учууга тыюу салышкан, андыктан ал унаа менен келген. Бабанов учурда үйүндө узак жолдон кийин ден соолугун калыбына келтирүүдө.

Эске салсак, 27-июлда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов ден соолугуна байланыштуу УКМКнын абагынан бошотулган жана ал зарыл болгон дарылоону чет өлкөдө алуу үчүн 10-августта өлкөдөн чыгып кеткен.

Бабанов 31-майда Кумтөр долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген болчу.

Количество просмотров: 355