• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 5 адам каза болду. Үч шаарда мэр шайланды

26 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан беш адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2503 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 237 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 174 813 адамга жетти.

Бир күндө 422 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 1215 адам жатат, дагы 1643 бейтап үйдөн дарыланууда.

ҮЧ ШААРДА МЭР ШАЙЛАНДЫ

Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда башчы болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү добуш берди.

Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Жунушалиев президент Садыр Жапаров саясий иштерге, шайлоого административдик ресурсту колдонууга тыюу салып, эскертүү бергенин, бир дагы саясий партияда мүчө болбогонун жана андай ою жок экенин, Бишкекте бизнес кызыкчылыгы жоктугун айтты.

Ошондой эле мэр шайлоо Ош жана Токмок шаарларында да өттү. Ош шаардык кеңешинде жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү макулдугун берип, экөө каршы добуш беришти.

Ал эми Токмок мэрлигине талапкерлигин койгон эки талапкердин бири Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев 19 депуаттын макул добушу менен мэрлик кызматка шайланды. Экинчи талапкер Азат Кубатбек уулуна 11 добуш тийди.

АФГАНИСТАНДАН 36 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КЕЛДИ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги КР жарандарын Афганистандын аймагынан эвакуациялоо боюнча аткарып жаткан жумушу тууралуу маалымат таратты.

ТИМдин маалыматына ылайык, Афганистандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу, КР ТИМинин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында Кыргызстандын жарандарын Афганистандан эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда.

Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында, россиялык тараптын көмөгү менен атайын авиабортту уюштуруунун натыйжасында 2021-жылдын 25-августунда Афганистандан 10 кыргызстандык, алардын ичинде жашы жете элек балдар “Кабул-Кант” каттамы боюнча алынып келинди.

Ошону менен, 2021-жылдын 25-августуна карата Афганистандан КРнын 36 жараны эвакуацияланды.

Количество просмотров: 187